Илим жана билим

Facebookта жаңы кызмат ачылды image

25 Фев, 2016 771

Интернеттеги Facebook социалдык түйүнү колдонуучулардын билдирүүлөрүн калгандар кандай кабыл алып жатканын чагылдырган жаңы “быйтыкчаларды” ишке киргизди.

Эми “Жактыруу” (Like») деген белгиге 5 жаңы кызмат кошулду. Ага ылайык, жаңы белгилер аркылуу жакшы көрүү, каткыруу, таңыркоо, капа тартуу жана кыжырданууну билдирүүгө болот.

Wired сайты кабарлагандай, “лайк” же “жактыруу” белгисинин кошумчаларын иштеп чыгуу аракеттери бир жыл мурун башталган. Facebook компаниясынын кызматкерлери жактырбоону түшүндүргөн dislike аттуу белгинин кереги барбы деген маселени көпкө талкуулашкан. Акырында ар кандай сезимдерди көрсөткөн белгилерди чыгаруу чечими кабыл алынган. Жаңы “быйтыкчалардын” ишке киргизилгенин Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жарыялады.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз