Mass media

Басма сөз: “Эненикиндей түйшүк эч кимде жок!” image Фото: www

23 Май, 2017 1342

Басма сөзгө баяндама

“Эненикине теңдеш сүйүү дүйнөдө жок! Эненикиндей түйшүк эч кимде жок!” деген өлкө президентинин сөзүн тема кылган "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка маалыматтар менен да таанышып алыңыз. "Авариялык абалдагы мектептер жаңыларына орун береби?" деген аталышта билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган учурду,  Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алган кечээги жаңылык "Этностор биримдиги-эл биримдиги" деген аталышта жана Кызматташууда чейрек кылым чек эмес деп, кыргыз президенти  Алмазбек Атамбаев менен  Болгария Республикасынын президенти Румен Радев менен эки өлкө ортосундагы дипломатиялык катыштардын орношунун 25 жылдыгына байланыштуу өз ара куттуктоолору ошондой эле "Элдин тандоосу – чыныгы тандоо" деген аталышта Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини бул кызматка кайрадан шайланышына байланыштуу   мамлекет башчы тарабынан жолдонгон куттуктоо орун алды. Маалыматтар топтомун чогулткан “КТ”-пресс бурчу айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырган флешмоб башталганын, эл акыны Рамис Рыскуловдун живопись, графика менен иштелген “Шоодур” кагып жашыл жалбырак, кыл калемдер жандырат” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачыларын, жаңы эле асфальт эмнеге кайра алынып жатат дегенди же Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдо чоң асфальттын үстүңкү катмары алынып жатканы социалдык тармактарда жарыяланып, интернет колдонуучлар ал жолдун былтыр күздө эле ремонттолуп бүткөнүн эскертип, нааразычылык билдиришип жатканын, Севастополдо өткөн даректүү тасмалардын 13 эл аралык “Победили вместе” фестивалынан эки кыргыз тасмасы байгелүү кайтканын, Бишкек мэриясында иштен алынган кызматкер мэрия менен соттошуп жатканын кабарлады. Адам жана азыркы учур  рубрикасы Ыймансыздыктын кыйраткыч күчүнүн алдында сот дагы алсызбы деген аталышта боорукердик, бир туугандык деген эң ыйык, аялуу сезимдер мерездик, ырайымсыздык, ачкөздүк сыяктуу терс сезимдерге орун бошотуп жатат дегендерге фактыларды жазган соттун чечимине коштолгон нааразычылыктар жазган  Бишкек шаарынын тургуну Ботояровдун макаласына орун берди. Бул сандан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин  “Жарандарыбыз акча бере албагандай, менин кесиптештерим ала албагандай  системаны түзүшүбүз абзел” дегенин окуй аласыз. Тактап айтканда министрдин  түз байланыштагы жооптору “Кыздарды Алеппонун чок ортосунан куткарып чыгышты” деген аталышта басылды. Көз жүгүртүп өтүңүз. Илең –салаң жол курулушу туурасында да бүгүнкү "Кыргы Туусу" жазды.

Бул сан Тил билсең-дил билесиң деген же Тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат” деген аталышта “Билим экспорт” делген кытай тил мектебин ачып жаштарды окутуп баштаган кытайча түш жоруган Данияр Молдокадыровдон алынган маекти сунуштады. Окурмандар жазышат деп,  Айтматов ааламы- бул көркөм адабият, көркөм дүйнө-искусство эле эмес, ал туңгуюкка кептелген адамзат цивилизациясын тамырынан иликтеген, изилдеген материалисттик  философия, дүйнө тааным. Жазуучунун жазгандары күнү бүгүн да актуалдуу, ошондон улам ал ойлорду саясий- экономикалык өнүгүүнүн уңгусун так аныктаган, так диогноз койгон тастыктоо десек жаңылышпайбыз деп жазган Осмонбек Көчөралиевдин макаласын Айматовдун ааламы- кайталангыс деген аталышта таанышып коюңуз. Эми баянды Фабуладан улайбыз.

  Бүгүн Фабула Ириген ооздон, чириген сөз чыгат деп Ишенген “кожо” сууга акты деген темага  экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун сүрөтүн коюп жаңы санын тартуулады. Алгачкы бетине Мөөрөй талаш деп төрт адамды жарыштырган  Оомат кимге тиет деген баш макаланы басты. Андан ары фабула пресстин майда жаңылыктары  Молдокасымов “ Мурас” коомдук фондун жетектейт, Примов эми Жээнбековго жагынабы? Баш бакан талаш башталат, Шадиев Жогорку Кеңештин аброюн кетирип жатабы?, Сариевдин сары пиары, Текебаевдин иши жашыруун сотко өтөбү? Садыр Жапаровдун соту ачык өтөт, “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген аталышта тизилди. Президенттик  шайлоо деп жатып “Кумтөр” унутта калды деген макаланы же андагы саясат деп жатып экономика менен элдин, мамлекеттин мүдөөсү сыртта калды. Эми шайлоодо президент болом деген талапкерге эң биринчи кезекте “Кумтөрдү” Кыргызстанга ала аласыңбы деген талап коюш керек, аткара алышпаган күндө дагы  убадаларын алып, жоопкерчиликти мойнуна жүктөп коюу абзел деп жазылгандарды  окуй аласыз. Бир собол рубрикасы Сооронбай Жээнбековдун КСДП президенттикке талапкер кылып чыгарышын кандай кабыл алдыңыз? деген суроону айрым респонденттерге  койду. ЖКтин депутаты Мирлан Бакиров: мүмкүн аймактык баланс критерийи эске алынгандыр деген ойдо сөз уласа, 7-апрель кыймылынын  адвокаты Осунбек Жамансариев “КСДПнын мүчөлөрүнүн айтуулары боюнча, бир добуштан колдоо болгон эмес дегенди айтса, экс –депутат Надира Нарматова “Сооронбай Шарипович өзүн салмактап көрүп макулдук берген болсо, оомат тилейли деген пикирин билдирген. Бул сандан президенттикке башка талапкердин  же Атаандашым ким болот, мен үчүн ал маанилүү эмес деген аталышта Өмүрбек Бабановдун маегин окуй аласыз.


 Экономисттин пикири да бул санда. “Бажы биримдигинде каралган иш аракет боюнча өкмөттүн аракети жетишсиз болуп жатат”- деген сөзүн тема кылган  экономикалык серепчи Искендер Шаршеевден маек бар. Өкмөттүн чабалдыгын ал ишкерлерге маалымат жетишсиз болуп жатканы мындан улам инвестициялар аз келип жатканы менен түшүндүргөн.  Ошондой эле азык- түлүккө болгон бааныны өсүшү убактылуу көрүнүш экенин, жайдын орто ченинен ары күзгө маал баалар кайра төмөндөөрүн, өлкөдөгү президенттикке байланыштуу саясий жагдай өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип койбойбу деген чочулоодо андай болбосутугун себеби  шайлоо убагында саясий күчтөр өздөрүнүн чөнтөгүнөн же чет элдик ойногуч байлардын чөнтөгүнөн акча таратарын практика көрсөткөнүн,  шайлоо маалында элге акча тиет деп бирок шайлоо жыйынтыгында кандай адамдар бийликке келээри өтө маанилүү суроо экенин белгилеген. Көлөмдүү маек коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевден “Элибизге шумпайлардан сак болушун түшүндүрүшүбүз керек” деген аталышта алынды. Тек тарыхын билбеген эл- тамырсыз дарактай деп, Сарбагыштын түп теги каяктан же кытай жазуусундагы байыркы “Гэгунь”,”Хакас” аталыштары кантип чыккан деген макалсын Кочкор районунан Кабылбек Жумабаев жазды. Ошондой эле бул санда  жазуучу публицист Мирзохолим Каримовдун  Кыргызстанда диний абал кооптуу деген маанилүү маеги да  жарык көрдү.Стресстен алкоголсуз жана дары-дармексиз кантип арылууга болот дегенге да пайдалуу кеңештер, ишенимдүү жооптор бар. Карап алсаңыз болот. Ушуну менен гезит баяныбыз аягына чыкты.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз