Science and Education

Кыргыз армиясы кадам сайын өнүгүүдө image Фото: www

29 Май, 2017 1377

Кыргыз армиясы өлкөбүз менен бирге кадам сайын өнүгүп, чыңдалып жана аброюн бекемдеп келет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгына арналган иш-чара белгиледи. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн салтанатта Атамбаев Кыргызстан бүгүн чакан, бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон Куралдуу күчтөргө ээ экендигин да айтты. Мекен коргоодо зор салымы үчүн бир катар аскер кызматкерлери Жогорку Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. 

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхына көз чаптырсак. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин өзүнүн армиясын түзүүгө киришкен. Ал эми 1992-жылы 13-январда Коргоо иштери боюнча Кыргызстандын мамлекеттик комитетин түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеген. Ошентип  чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы нечен оор күндөрдү башынан кечирди. Совет бийлиги ыдырап, өз алдынча кеткен жылдары Чек ара тилкелерин тактоо, кайтарууга алуу, ички жана тышкы коопсуздукту камсыздоо милдеттери саны жагынан да, техникалык базасы жагына да алсыз Аскер күчтөрүнө жүктөлөт. Ал аңгыча Баткен коогалаңы эгемен мамлекеттин коопсуздугуна чоң коркунуч жараттып, өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чоң сыноодон өткөрдү.

Ал эми акыркы 5-жыл аралыгында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө мамлекеттек денгээлде көнүл бурулуп, тармакты реформалоо ишинде жылыштар болууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин үй менен камсыз кылуунун алкагында 5 жылдын аралыгында  Республика боюнча 53 көп кабаттуу турак-жай салынып, пайдаланууга берилген. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз