«Орто-Токой» суу сактагычынын жанында таштанды төгө турган жай жабылды image Фото: www

30 Май, 2017 1517

«Орто-Токой» суу сактагычынын жанында ачылып иштеп жаткан таштанды төгө турган жай жабылды. Акыр-чикирлер топтолуп, суу сактагычты булгоо коркунучу пайда болгондуктан адистер аталган жайды жапты. 

Ал таштандылар Кочкор районундагы Семиз-Бел жана Кочкор айыл өкмөтүнөн чыккан. 

Эскерте кетсек, буга чейин Экотехинспекция бул айыл өкмөттөргө бир нече ирет эскертүү берип, айып да салган. 

Эскертүүнүн жыйынтыгы менен суу сактагычтын жанындагы таштанды жай жабылды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз