Катуу шамалдан Талас облусунун айрым айылдары электр жарыгы жок калды image Фото: http://zanoza.kg/

30 Май, 2017 1970

Катуу шамалдан улам Талас облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчтү. Шамалдын ылдамдыгы секундасында 25 метрге жеткен. 29-майда 17:35те башталган табият кырсыгынан улам Талас районунун Таш-Арык, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр, Манас районунун Бала-Сары, Үч-Коргон, Покровка, Чоң-Капка айылдарында электр энергиясы өчкөн. 

Мындан сырткары электр чубалгылары үзүлүп, изоляторлор, линиялык ажыраткычтар жана башка электр жабдыктары зыянга учураган. Электр өткөргүчтөрүнүн линиялары секундасына 10-15 метрге жеткен шамалга туруштук бере аларын “Түндүк электро” ишканасынан билдиришти. “Түндүк электронун” Таластагы филиалынын адистери оңдоо иштерин жүргүзүүдө.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз