Интернет жана технологиялар

Өлкөдө компьютердик оюндар жабылышы мүмкүн image Фото: www

31 Май, 2017 2694

Адистер акыркы учурда компьютердик оюндарга балдар эле эмес, бой жетип калгандар деле азгырылып жатканын белгилейт. Компьютердик ар кандай оюндар менен алек болуу жаштардын ден соолугуна да, моралдык жактан жетилисүүнө да терс таасирин тийгизет. Алсак, буга чейин Тажикстан жана Казакстанда компьютердик оюндар жабылса, жакында Өзбекстанда ГТА, "Мортол Комбат" деп аталган оюндарды, жана мындан башка дагы 32 компьютердик оюндарына тыюуу салды. Кыргызстанда жыл башында адам үшүн алган “Көк кит” “Тынч үй” оюндардын терс таасири суицидге алып келери такталгандан кийин, Кыргызтанда да бир канча оюндардын жабылганын, Бишкек шаардык билим билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлжан Абдылдаева билдирди. Ошондой эле бул маселе боюнча иш башкы прокуратурага да жөнөтүлүп, алар тарапттан бир гана жогоруда аталган оюндар эле эмес, башка компьютердик оюндар да жокко чыгарылганын кошумчалады. Маалыматтык технология жана байланыш комитетине кайрылганыбызда,  КӨК кит оюндары тууралуу өз убагында иш чаралар алып барылганын айтып, тилекке каршы башка оюндарды өз алдынча жокко чыгарууга алардын укугу жок экенин, комитеттин маалымат катчысы Назира Турдалива маалымдады.

Адистер интернет оюндар жаштардын билим алуусуна олуттуу таасирин тийгизерин айтып келет. Интернет оюндары менен алектенгендер жашоосунда түнт болуп, психологиясы да жабыркайт. Кечке чейин компьютерге башы байланып, тамак ичпей, уктабай, ден соолугу да жабыркайт. Ал эми  психология илимдеринин кондидаты Канышай Кожогелдиеванын айтымында, учурдагы компьютердик оюндардын көпчүлүгү балдардын психологиясына терс таасирин тийгизерин жана андагы каармандардын образын жаш балдар туурап, жаман адаттарга ээ болорун айтты. Көпчүлүк учурда оюнга көнүп алган балдар, ал оюнсуз күнү өтпөй калат. Ошондуктан, өз убагында ар бир ата эне балдарына көңүл буруусу зарыл экенин, психология илимдеринин кондидаты Канышай Кожогелдиева кошумчалады.

Эске салсак жыл башында, «Көк кит», «Тынч үй» деп аталган оюндар интернет тармагына тарап, өзгөчө өспүрүмдөргө өзгөчө кызыгууну жаратып, ал тургай айрым учурларда өз жанын кыюуга чейин жеткирип жатканы ойлондурбай койбойт. Ошондуктан ар бир ата-эне кайдыгер карабай, баласынын уюлдук телефонун алып, алар кайсы сайттарга кирип, кандай оюндарды ойноп жатканын текшерип туруусу абзел.

Тутан Мелисов “Биринчи радио” 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз