Интернет жана технологиялар

Өлкөдөгү интернетти жакшыртуу аракети image

2 Июнь, 2017 2796

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине түндүк-түштүк альтернативдүү жолун коштогон оптика-волокондук байланыш линиясын куруу үчүн «Сhina road and bridge corporation» ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Өлкөдөгү мындай инфраструктуралардын баары жакынкы аралыкта “Таза коом” программасын ишке ашырууга кызмат кылыш керек.

“Бул түндүк-түштүк жолун утурлай жайгашкан калктуу пунктарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылууга жакшы мүмкүнчүлүк. Андыктан сүйлөшүүлөрдү азыртадан баштап жүргүзүү зарыл”,- деди Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз