Экология

Трамп Парижде кол коюлган климат боюнча келишимден баш тартууда image Фото: http://www.interfax.ru

5 Июнь, 2017 2181

АКШ президенти Дональд Трамп, Парижде кол коюлган климат боюнча келишимден баш тартат. Эске сала кетсек, 2015-жылы 22-апрелде 195 мамлекет Франциянын борбору– Парижде жогоруда сөз болгон климат  боюнча келишимге кол койгон. Трамптын пикиринде  бул келишим АКШнын экономикасына олуттуу чыгым келтирет. Трамп, мени шайлоочулар Париждин кызыкчылыгын коргоо үчүн шайлаган  эмес. Менин эң башкы максатым  Питтсбург  шаарынын тургундарынын кызыкчылыгын коргоо. Анткени  Париждеги климат боюнча кол коюлган келишим, АКШга пайда алып келбейт. Менин урматтуу америкалык жумушчуларым  ушул келишимдин айынан жумушсуз калат-деп баса айткан. Белгилей кетсек Трамп сөз кылган  Питтсбург шаары өлкөдөгү экономика, маданият менен илимдин ордосу болуп эсептелет жана тогуз жолдун тоому. Андан тышкары Трамптын көз карашында эгерде Вашингтон жогоруда айтылган келишимди аткарса, анда АКШ  2025 –жылы  2,7 миллион жумушчу ордун жоготот. Ошол  эле убакта Трамп Париждеги кол коюлган келишимдеги шарттарды талкуулаганга даяр экенин, бирок ага эч ким сунуш бере элек- деди.  

Ал эми АКШнын мурдагы президенти  Барак Обама бул келишимдин ратификация  болушун  чоң жетишкендик-деп жар салган эле. Трамп болсо шайлоо кампаниясы учурунда ушул протоколду катуу сындаганы бар. Анын айтымында, ааламда климаттын кескин өзгүрүүсү жөнүндө тынчсыздануу жомок. Ал расмий  Пекин  ушул келишимди бетке кармап, АКШнын өнөр жайын алсыратууга умтулат-деп Кытайды айыптады. Ошол эле учурда, Бириккен Улуттур Уюмунун маалыматына таянсак, булганыч газ бөлүп чыгаруу боюнча Кытай дүйнөдө биринчи орунда турат. Адамзаттын ишмерделүүгү үчүн ааламда орточо температура эки градустан ашпоого тийиш. Жогоруда сөз болгон келишим, 1992-жылы  Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөдөгү  климаттын өзгөрүүсү боюнча  21-конференциясында  кабыл алынган. 1975-жылы ааламда эң биринчи болуп бул идеяны  экономист  Уильям Нордхаус  көтөргөн.

Нордхаустун божомолунда эгерде дүйнөдө температура эки  градуска  көтөрүлсө, анда  ааламда аба ырайы кескин өзгөрөт. Нордхаустун мындай идеясын   башка илимпоздор да колдогон. Азыркы күндө  адамзаттын жаратылышка эбегейсиз зыян келтиргендиктен дүйнөдө  океан  деңгээли көтөрүлүп,  өрттөнгөн токой аянты  кеңейди  жана да жаан-чачын көбөйгөнү байкалууда. Окумуштуулар эгерде дүйнөдө температура эки градуска көтөрүлсө, анда кургакчылыктан улам  токойдогу өрт, суу ташкындары, селдин кесепетин адамзат болуп көрбөгөндөй  тартат-деп боолгойт. Мисалы айта кетсек  жакын  арада  илимпоздордун жогоруда  айтылган божомолу боюнча ааламдагы орточо температура  1,5   градустан   2 градуска көтөрүлчү болсо, демек  Амазонка чер токойлорунда өрт эки эсе  көбөйөт.  Дал ушул себептен Индия, Вьетнам, Бангладеш өндүү  өлкөлөрүндө калк миграциясы күчөйт. 

Ал эми Трамптын Париж келишиминен чыгып кетүү туралуу чечимине келсек, буга Германиянын  канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын  премьер-министри Тереза Мэй, Европа биримдигинин  жетекчилиги  менен башка мамлекеттердин башчылары каршы пикир  билдирди. Ошол эле учурда Трамптын  ушул кадамын  конгресстин  эки палатасынын республикачы жетекчилери колдосо, өлкөнүн мурдагы эки президенти Билл Клинтон менен  Барак Обама кескин сындады. Анан да Калифорния, Нью-Йорк жана Вашингтон штаттарынын бийлиги «АКШнын Климаттык өнөктөштүгү»-аттуу  уюм  түзүп, Париж климаттык келишиминин шарттарын өз аймактарында аткарабыз-деп жарыялады.

Трамптын   сөз болгон чечимине, белгилүү ойлоп табуучу  Илон Маск,  нааразалык  билдирүү менен президентке караштуу  бардык кеңештен чыгып кетти. Андан тышкары  Трамптын ушундай   чечимине каршы Microsoft менен Apple корпорациясынын жетекчилери  Сатья Наделла жана Тим Кук  да сын пикир  айтты. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, климат  боюнча Париж саммитине катышкан учурда Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу абага зыяндуу заттын  чыгуусун 30% пайызга азайтууга өбөлгө түзөрүн белгилөө менен  дүйнө коомчулугун экологиялык таза курулушту колдоо чакырганы бар. 

Алмаз Батилов, "Биринчи Радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз