Илим жана билим

Саламаттык сактоо министрлиги кадрдык саясатты жүргүзүүдө жаңылдыбы? image Фото: http://sputnik.kg

26 Фев, 2016 1091

Саламаттык сактоо министрлиги кадрдык саясатты жүргүзүүдө калпыстыктарды кетирип жатат. Мындан улам  жетекчилерди дайындоо, кадрдык саясат, коррупция маселелерине көңүл бурууну  өтүнгөн  кайрылууну  мекеменин  Коомдук байкоочу кеңеши Өкмөткө жолдоду.  Ал арада  мекеме  жетекчиси айтылгандардын негизсиз  экендигин  айтып чыкты.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлигинин  лицензиялоо бөлүмүндө  башкы адис  жана бөлүм башчынын милдетин аткарып келген Света Байтикованы жетекчилик   анын  кызмат ордун ыктыяры менен өткөрүп берүүсүн, мындай болбосо  милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн  берене  менен иштен  четтетиле тургандыгын   айткан. Көп өтпөй эле ал арызын жазып жумуштан чыгып кеткен. Байтикованын айтуусунда,  министрдин орун басары  анын  жетекчиликке  “ыңгайсыз” экендигин  айткан, таң калыштуусу, мурда эки кызматкер иштеген  лицензиялоо бөлүмүндө  азыркы тапта 15 адис  иштеп жатат.

Эске салсак, өткөн 2015-жылы мурдагы  вице-премьер минитср Дамира Ниязалиева мекеме кызматкерлери менен жолугушуулардын биринде, элден жана медициналык кызматкерлерден көптөгөн терс маанайдагы кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, жарым жыл ичинде саламаттык сактоо мекемелеринин 26 жетекчиси кызматтан алынып, алардын ордуна даярдыгы жок адамдар келип жаткандыгын  убагында сындаган болучу.   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз