Өзгөчө кырдаал

Аксыга өзгөчө кырдаал жарыяланды image

6 Июнь, 2017 2278

Жалал-Абад облусунун Аксы район аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Аксы районунда 4-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп Аксы районундагы Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу Аксы районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аксы районунун аймагындагы катталган өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында Жарандык коргонуу кызматтарынан штаб түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын техника тартылууда. 

Ошондой эле, Авлетим айыл аймагында 5- июнь күнү катуу жааган жамгырдан Итагар айылындагы Итагар дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 1 көпүрө жараксыз абалга келип, 3 ички чарбалык көпүрөгө жана дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган. Тескей участкасындагы бир ички чарбалык көпүрөнүн сол жагы чөгүп, жээктин 12 метр аралыгын суу жеп кеткен. Учурда жол жабык, ал эми жергиликтүү тургундар үчүн жөө каттам жол бар. Калыбына келтирүү иштери дарыядагы суунун деңгээли азайгандан кийин башталаары маалымдалган. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз