Өзгөчө кырдаал

Жер көчкүлөрдүн катталуусу жогорку чекке жетти image Фото: www

6 Июнь, 2017 1834

Быйыл жер көчкүлөрдүн жүрүүсү рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Ага ылайык, 1990-2016-жылга чейин 518 жер көчкү катталса, 2017-жылы 5 айдын ичинде 158 жер көчкү катталып, 9 жылдык көрсөткүчкө тете болду.

Мындан тышкары, бул жылы 5 айдын ичинде 34 адам жер көчкүдөн өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. 

Учурда 5146 үй бүлө кооптуу аймакта жашап жатканы айтылат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз