Спорт

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы мамлекетке өтүшү мүмкүн image Фото: http://static.akipress.org

26 Фев, 2016 1460

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы мамлекетке өткөрүү зарыл. Бул тууралуу ЖКтин     депутаты   Таалайбек Масабиров билдирди.    Ар  кыл  майрамдарда  ат майданда улуттук  ат  оюндарынын  түрлөрү  өткөрүлүп  келет.  Бирок,  ат  майдандын  учурдагы  абалы   көпчүлүктү  канааттандырбайт.   Кыйла  жыл  мурун  мыйзамсыз  менчиктештирилип  кеткендигине  карабай,  соттук  териштирүүлөр  да  аягына  чыга  элек.  Мындан  улам,  ат  майдандын  тагдырына  кайдыгер  карабай,  тарыхый  баалуу  обьектини  мамлекетке  кайтаруу  керектигин   коомчулук  да  колдой  тургандыгын  белгилешүүдө. 

 Эске  салсак,  Бишкектеги "Аккула" ат майданы убагында 800 миң сомго сатылып кеткен, азыр аны мамлекетке кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатат.  Ат  майдан  1954 –жылы  пайдаланууга  берилген,  жалпы   аянты - 57 гектар.   

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз