Коом

Чүйдө жоголгон балдар Өзгөн районунан табылды image

7 Июнь, 2017 1664

Чүй облусунда жоголгон 3 бала Өзгөн районунан табылды. Эскерте кетсек, 5-июнь күнү Чүй облусунун Панфилов районунан бир учурда 3 бала жоголуп кеткен. Окуя кечки саат 18.30дар чаласында болгон. 

Жоголгондор 12 жаштагы Рамазан, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбековдор жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова болчу. Балдар Ош облусунун Өзгөн районунан табылды. Көрсө алар туугандарынын үйүнө кеткен экен. Окуучулар кантип республиканын бир жагынан экинчи жагына жеткендиги азырынча белгисиз. Ата-энелер балдарын алып келүү үчүн Ошко жөнөп кетишти.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз