Policy

Бишкек шаарынын мэри эртең шайланат image

26 Фев, 2016 707

Бишкек шаарынын   мэрин шайлоо 27-февраль күнү өтөт.  Талапкерлерди каттоо  19-февралда аяктап,  шаардыктар үчүн   маанилүү окуя  мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов өз арызы менен кызматтан  баш тарткандан   кийин  башталган  эле. Шаардыктар Бишкекти  өнүктүргөн   мэрлер  акыркы 20 жылдан бери шайлана электигин   айтышат. Буга   мурдагы  шаар башчыларынын  айрымдары шаарды тоноп камакка алынса, экинчиси башка өлкөгө чыга качып,  эл аралык издөөдө жүргөндөрү  себеп болууда. Көпчүлүк  кийинки мэр  иштин көзүн таба билген, мыкты чарбачыл, таза адам келсе  тилектерин  жашырышпайт.

Шайлоону Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өткөрөт.  Болочок мэр Бишкек шаардык кеңешинин  депутаттарынын  жарымынан көбүнүн   колдоосун алышы керек.

                                                  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз