Mass media

"Фабула": "Алымбектин ашказаны 150 миң сомду аш кылдыбы"? image Фото: www

9 Июнь, 2017 1232

Басма сөзгө баяндама

Президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жыл, июнь окуяларынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуусун бүгүн "Кыргыз Туусу" “Эли эркин жана ынтымактуу, жери гүлдөгөн, телегейи тегиз Кыргызстанды курабыз” деген аталышта басты. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка жаңылыктар менен да  кабардар кылды. Мамлекет башчы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборун капиталдык оңдоодон өткөрүү, модернизациялоо жана жабдуулар менен камсыз кылуу маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеси “Элүү жыл мурда негизделген борбор эми заманбап болот" деген аталышта орун алды. 

“Өзгөчө кырдаал күтүүсүз келет, ага дайым даяр болуу керек” деген кабар өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган учурдан жазылды. Кыска, бирок маанилүү жаңылыктарды топтогон “КТ”-пресс бурчу “Бали Айсулуу” деп, биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму бүгүнкү күндүн мыкты балбандарынын кезектеги рейтингин жарыялап, белгилүү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү үч мыкты күрөшчүнүн катарына киргенин жар салды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз