Mass media

"Фабула": С.Жээнбековдон оппонеттери неге кооптонот? image Фото: www

13 Июнь, 2017 1225

Басма сөзгө баяндама

"Кыргыз Туусу" бүгүн "Санариптик коом –өлкө келечеги" деген башкы теманын алдында жарык көрдү. КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин, "Биз амбициялуу максатты-санарип Жибек жолунда борбордук звено болууну көздөп жатабыз" деп белгилегенин, дүйнө коомчулугунун “Таза Коомду” колдогонун, ар бир цитата менен мисалы, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештин,"Кыргызстан санариптик экономика, демократияны куруу боюнча Борбор Азияда жол баштоочу болуп берди" дегенин, Бүткүл Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчуктун, "Кыргызстандын санариптик өкмөттү түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар" дегенин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Бруно Балванеранын, "Кыргыз бийлигинин саясий эрки көп маселелерди туура чечилишине өбөлгө болууда деп билдиргенин,  Еврокомиссиянын төрагасы Жан- Клод Юнкердин, "Бул долбоор КРнын президентинин инновациялык жана келечектүү демилгеси" деп белгилегенин, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис Макдэйгандын- Кыргызстан өзүнүн санариптик жолун баштады жана туура багытты тандап алды деп айтканын теманын алдына жайгаштырды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз