Экономика

Түндүк - Түштүк альтернативалык жолунан өткөндөр акы төлөшү мүмкүн image Фото: www

19 Июнь, 2017 2404

Улуттук долбоор Түндүк – Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушунун 74 чакырымына каржы булагы табыла элек. Бул тууралуу 19-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтылды. 

Узундугу 433 чакырымды түзгөн ири долбоор 3 фазага бөлүнүп курулуп жатат. Кыргыз өкмөтү эми түндүк менен түштүктү бириктире турчу жолду куруп бүтүрүүгө Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алат. 

Ал эми эл өкүлдөрү жолду жыл сайын оңдоп, камсыздап туруу максатында Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунан өткөндөрдөн акы алып турууну сунуштоодо. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз