Гареев атындагы ботаникалык бакчаны «Азия тоо бакчасына» айлантуу сунушталууда image Фото: static.akipress

29 Фев, 2016 1366

Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакчаны  «Азия тоо бакчасына» айлантуу сунушталууда. Бул тууралуу  өкмөт башчы Темир Сариевдин бакчаны кыдыруусу учурунда белгилүү болду. Мындай демилгени «Арча » коомдук фонду көтөрүүдө. Фонддун өкүлү, эколог Дмитрий Ветошкиндин айтымында,  бакчаны илимий гана эмес окуучулар, туристтер, студенттер жана шаардыктар келген билим берүүчү-агартуучу да мекемеге айлантууга болот.

Бишкектеги Гареев атындагы ботоникалык бак  Иса Ахунбаев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, Көк-Жар айылына чейин созулуп, 150 гектар жерди ээлейт. Бул бакча 80 жылдан ашык илимий эмгекти камтыган, 500дөн ашык дарактын, миңдеген өсүмдүк өскөн уникалдуу жер болуп  саналат. Көп жылдардан бери аянычтуу абалга туш болгон бакчанын абалы менен жеринде өкмөт башчы Темир Сариев таанышып,  учурдагы абалы начар экенине көңүл бурду. Темир Сариев Ботаникалык бакчаны илим изилдөө борбору болуу менен катар шаар тургундарынын сейилдөөчү, ден соолугун чыңдоочу жайга айлантуу зарылдыгын билдирди.

Ботаникалык бакчаны өнүктүрүүгө узак убакыт бою көңүл  бурулбай, керектүү каражат бөлүнбөй калган.Бакчанын  учурдагы абалы абдан начар болууда. Анда каражаттын аздыгына карабай өз ишине  берилген гана адистер иштеп жатат. Мындан ары абалды болууга мүмкүн эмес.  Ошондуктан, аны кыска убакыттын ичинде жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча иштерди  тезинен колго алышыбыз зарыл. Ботаникалык бактын абалын жакшыртуу үчүн  Өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин  биргелешкен аракети зарыл. Биз бул багытта ишти алып барып, маселени чечүүнүн  стандартуу эмес чараларын иштеп чыгышыбыз керек.

Премьер-министр Ботаникалык бакты жашылдандырып, тиешелүү инфраструктуралык маселелерин чечүү менен шаар тургандарынын ачык болушу керектигин кошумчалады:

Биз  Ботаникалык бакчаны өнүктүрүү үчүн бир катар  чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Эң алгач, учурдагы аймагын сактап,  инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, илимий изилдөө  жана селекциялык ишмердигин өнүктүрүп, билим берүү жана экологиялык-маданий  ишмердигин күчтɵндүрүү зарыл.

Жыйынтыгында өкмөт башчы Темир Сариев,  кыска мөөнөттүн ичинде бакчаны жашылдандыруу боюнча ишембилик өткөрүү, бул багытта борбордогу жогорку окуу жайлар менен кызматташуу түзүү тапшырмасын берди. Ошондой эле Ботаникалык бактын ичиндеги обьекттердин жайгаштырылышы боюнча мыйзамдуулугун текшерип чыгууну вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиевага тапшырды. Муну менен катар Ботаникалык бакты өнүкүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгуу жана бул боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. Ал жумушчу топту вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева жетектемей болду.

"Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз