Илим жана билим

Күндүн темасы: Мектептердеги акча талап кылуу Бишкекте көп катталат image

20 Июнь, 2017 1586

Эми мектепке баланы киргизүү үчүн ата-энелерден акча алынбайт. Бул тууралуу Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жарыялады. 

Анын айтымында, мектептердин жетекчилиги каражат ыктыярдуу түрдө берилүүдө десе, ата-энелер директорлор акча талап кылгандыгына арызданышууда.  

Бул маселе өзгөчө Бишкекте курч тургандыктан, министрлик мэрия менен биргеликте тиешелүү буйрук чыгарды. Эреже сакталбаса, мектеп директорлору иштен алынат. Белгилеп кетсек, ордо калаадагы айрым кадыр-барктуу деп эсептелген мектептерге балдарын киргизүү үчүн ата-энелер 1 миң долларга чейин берүүгө аргасыз. “Күндүн темасында” ушул багытта сөз болот.

Түз эфирди алып барган Таалайкүл Чабадарова, Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз