Mass media

"Кыргыз Туусу": Бишкекте спайстын жарнамасы пайда болду image Фото: www

20 Июнь, 2017 1445

Басма сөзгө баяндама

Суу өмүр булагы дегенге бүгүн "Кыргыз Туусу" премьер- министр дагы бир каналдын ачылышына катышканын  жазды. Алгачкы бетине чыгарган башкы темалардын анонсу:  кезектеги кеңештен же спикердин демилгеси натыйжа бере баштады, татыктуу жашоо “Таза коомдон” башталат деп президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун айткандары –Өзгөчө интернет хаб түзүп, ал Кыргызстанды эле эмес, Борбордук Азияны арзан интернет менен камсыздашы керек, өлкө башчысынын Россия Федерациясындагы 5 күндүк расмий сапары туурасында жазылган Кыргызстан-Россия: ишенимдүү өнөктөш деп жана эски достордун эрөөлү деп аталды. Бул темалардын кеңири баяны гезиттин кийинки беттеринде. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар: “Иш натыйжалуу болсо, коопсуздук камсыздалат”- деп, Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алган учурдан жазылды. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алганын Президент укту, тапшырмаларды берди деген аталышта орун алды.

Майда маалыматтардан куралган “КТ”-пресс бурчу: ЖКнын депутаттары жол куруу жана оңдоо иштеринен кийинки кепилдик мөөнөтүн узартууну демилгелеп жатышканын, ажы башчылардын жоопкерчилиги жогору болот дегенди, Кадамажай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы “Миң чынар” асыл тукум фермердик чарбасынын ээси Акжол Имаров 1 тонналык букасын 150 миң сомго сатканын, Шавкат Мирзиеев көп аял алууга каршы экенин, 30-июнда Тамчы алгачкы рейсти кабыл алаарын, Бишкектеги №13 гимназия мектебинин жаш комузчулар ансамбли Сочиде баш байгени жеңип алышканын, 22-25-июнь күндөрү Астана шаарында Бүткүл дүйнө казактарынын 5-курултайы өтөөрүн, ал жакка Кыргызстандын делегациясын Кыргызстан казактары ассоциациясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев баштап бараарын, Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунда спайстын рекламасы пайда болгонун кабарлады.    

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз