Коом

Коопсуздукту сактабай, көмүскөдө ишин уланткан газ куюучу жайларга чара көрүлөбү? image

21 Июнь, 2017 1556

Газ куюучу станциялар жылдан жылга өсүп жатканы маалым.  Бирок алардын коопсуздук эрежеси канчалык сакталып жатканы  анчалык айтыла бербейт. Ананьево айылындагы газ сатуучу жайда өрт чыгып, газ баллондор жарылган окуя коопсуздук маселесин козгогонго негиз түздү.Өзүңүздөргө маалым болгондой  өрттүн кесепетинен 2 портер жана бир газ ташуучу унаа күйүп кеткен. 2 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Каза болгондун бири өспүрүм курагында.

 

Өрт өчүрүүчүлөр кырсык катталган жерден  10 метр алыстыкта жайгашкан май куюучу жайга жеткирбей өрттү өчүрүүгө жетишкен. Кыргызстанда май куйуучу жайлардын жайгашы жаатында да бир топ кооптонуулар бар экенин буга чейин адистер белгилеп келген.Талапка жооп бербеген газ куюучу станциялар жабылыш керектигин мындан тышкары экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маамлекеттик инспекциясына бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ыкчам текшерүүнү жүргүзүүнү кечээ өкмөт башчы  тапшырды.

   

Канча газ өткөрүү  станциялары бар? Талапка жооп бербей бирок көмүскөдө иштерин улантып жүргөн коопсуздукту экинчи планга койгон мекемелер үчүн  кандай сабак боло алат? Эмне үчүн  коопсуздук эрежелер аткарылбай келет?  Ушул суроолор биздин Күндүн темасынын өзөгүн түзөт. 

Катышуучулар: Кыргыз өкмөтүнө караштуу экологиялык жана  техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик  инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу жана тоо кен көзөмөл башкармалыгынын башчысы Максат Абдылдаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин өрттүн алдын алуу боюнча башкармалыгынын улук инспектору   майор Азиз Бейшекеев жана кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш, транспорт университетиинин жылуулук газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасынын башчысы  Боромбаев Эркин.

Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз