Дүйнө

Дүйнөдө качкындардын саны көбөйүүдө image Фото: https://24smi.org

21 Июнь, 2017 8620

Дүйнөдө качкындардын жана башпаанек сурагандардын саны 65 миллиондон ашык адамга жетти. 

Кыргызстан 1996-жылы Качкындардын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери 20 миң адамга баш паанек берди. 

Алардын көбү Тажикстандагы жарандык согуштан улам качкан, этникалык кыргыздар. 

Учурда 179 адам качкын статусуна ээ, алардын басымдуу бөлүгү Афганистан, Сириядагы  согуш апаатынан, жаңжалдан  качкандар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз