Policy

“Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча коомдук угуу өтүп жатат image Фото: http://polit.ru/

29 Фев, 2016 398

Бүгүн Бишкекте “Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети уюштурган коомдук угууга коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү жана эскперттер катышып бир катар пикирлерин айтышты. Чет мамлекеттерден каржыланган бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова иштеп чыккан. Документ биринчи окууда жактырылган болчу. Депутат Исхак Масалиев аталган мыйзам, айрым бейөкмөт уюмдарына көзөмөл кылуу үчүн жана улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн зарыл деп эсептейт.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага колкойсо күчүнө кирди деп эсептелет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз