Экономика

ЕАЭБ: Кыргызстанда товарларды чек арадан өткөрүүдө талон системасы жокко чыгарылат image Фото: http://erkintoo.kg

29 Фев, 2016 841

 Евразиялык экономикалык биримдик алкагында Кыргызстанда товарларды чек арадан өткөрүүдө талон системасы жокко чыгарылат. Бул тууралуу фискалдык саясат башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Жакыпов билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн атайын буйругуна ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорттук каражаттар менен товарларды ташып келүү же ташып кетүү ишмердиги менен алектенген уюмдар жана жеке жактар толтурулуп жүргөн мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талон жокко чыгарылат.

Жаңылык киргизүүнүн максаты – импорттук товарлардын толук эсебин алууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн бирдей атаандаштык шартын түзүүнү камсыз кылуу.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз