Орус-кыргыз өнуктүрүү фонду 1 млн долларлык долбоорлорду каржылайт image Фото: focus.kg

29 Фев, 2016 719

Орус-кыргыз өнуктүрүү фонду буга чейин 3 млн долларлык ири-бизнес  долбоорлорду гана каржылап келсе, эми 1 млн долларлык долбоорлорду дагы каржылап баштайт. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков маалымдады. Анын айтымында Москвада 18-февралда фонддун кеңешинин жыйыны болуп, бир катар маселелер чечилди.

Аталган фонд өндүрушкө тиешелүү ишкерликтин бардык түрлөрүн каржылайт. Азыркы күндө ири долбоорлордон сегизи каржыланса, чакан жана орто 120 ишкерликти каржылоо жүрүп жатат.

Мындан тышкары фонд ири инфраструктуралык долборлорду дагы каржылай баштары айтылды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз