Экономика

Импорт буудайына кошумча нарк салыгын киргизүү демилгеси талкууда image

23 Июнь, 2017 1315

Жогорку Кеңеште парламенттин өткөн жыйынында өлкө аймагына сырттан ташылып келген буудайга кайрадан кошумча нарк салыгын киргизүүгө багытталган "КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" аталышындагы эки мыйзам долбоору каралып, анын концепциялары добуш берүүгө жөнөтүлдү. Кошумча нарк салыгын  импорт буудайына кайра киргизүү эмне үчүн сунушталууда?  Мурдагы  мыйзам эмнеси жакпай калды? Евразия экономикалык бирлигинин талабы ушундайбы? Кошумча нарк салыгын киргизүү менен контрабандалык ташууларга бөгөт кое алабы? Бул чөйрөдө иш алып барган ишкерлер бул демилгеге каршы чыгып атканында кандай негиздер бар? Өкмөттүн позициясы кандай? "Күндүн темасы" программасы ушул жана башка суроолордун айланасында маек жүргүздү. 

Уктурууга Жогорку Кеңештин депутаты демилгечи Кенжебек Бокоев, буудайды кайра иштетүүчүлөр бирикмесинин төрагасынын орун басары Рустам Жунушов катышты. Ал эми экономика илимдеринин доктору, серепчи Жумакадыр Акеенев биз менен телефон аркылуу байланышка чыкты. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз