Mass media

"Кыргыз Туусу": "Сот иштери акча менен бүтүп, акчасы жоктор Акыйкатчыга келишет" image Фото: www

23 Июнь, 2017 1797

Басма сөзгө баяндама

Көп кырдуу, бир маанилүү сүйлөшүүлөр деп, президент Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясындагы иш сапарынан кенен жазылган тема бүгүн жарык көргөн расмий гезит "Кыргыз Туусунун" башкы макаласы болду. Өкмөттүн жаңылыктары да алдыңкы бетте премьер-министрдин Чүй облусундагы курулуш иштери бүтпөй, токтоп калган мектептерди, бала бакчаларды көрүп алардын абалы менен таанышкан иш учуру “Абал менен таанышты, тапшырмалар берилди” деген аталышта орун алды. Жаңылануу жолундабыз деп, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгү туурасында аталган мекеменин жетекчиси Мирбек Асанакунов көлөмдүү макаласында айтып берди. Бул санга  Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин акыйкатчы институтунун жасаган иштери боюнча өткөргөн маалымат жыйынынан даярдалган “Тергөө, сот иштери акча менен бүтүп, акчасы жоктор Акыйкатчыга келишет" деген аталышта жарык көрдү. 

Андан ары жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жогорулашынын себеби эмнеде? дегенге  жооп издеген Мамлекетке түртө салбай, ата-эне жоопкерчилик алса деген аталыштагы макала бар. Интернеттин пайдасы тийди деген "Кыргыз Туусу" чиедей сегиз баласы менен тогуз жылдан бери Түп районунун Михайловка азыркы Сары-Көл айылынын четиндеги сайдын кырында ээ талаадагы вагон-үйдө өлбөстүн күнүн көрүп келаткан Апраевдердин үй-бүлөсү жөнүндөгү маалымат интернет булактарына тарап натыйжада ошол эле айылдан жер аянты карамагына кирген үч бөлмөлүү үй менен акчалай жардам, кийим кече облустук жетекчинин тапшырмасы менен берилгенин бүгүн кабарлады.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз