Policy

Салык текшерүүлөрүнө убактылуу мораторий киргизүү демилгеси жактырылган жок image Фото: http://img.tyt.by

29 Фев, 2016 322

Салык текшерүүлөрүнө убактылуу мораторий киргизүү демилгеси   жактырылган   жок.    Концепцияга   ылайык,     үстүбүздөгү    жылдын 1-апрелинен   31-декабрына чейин   салыктык    пландуу текшерүүлөр   убактылуу   токтотулмак.            Каржылык   каатчылык маалында чакан жана орто бизнести  колдоого   алуу  максатында  иштелип  чыккан   мыйзам  долбоору  бүгүн  Жогорку  кенештин  тармактык  комитетинде  талкууланды.    Өкмөт  мүчөлөрү  менен  айрым  эл  өкүлдөрү   мораторий    киргизүү  бюджеттин толтурулушуна   тобокелчилик     жаратаарын    айтып  каршы   болушса,    айрым  эл  өкүлдөрү  ишкерлерди  колдоого  алуу  колго  алынбай  жаткандыктарын  белгилешти. 

Талкуу  жыйынтыгында комитет мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен «Салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырган жок.

                                         


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз