Кылмыш

Апрель окуясы боюнча сот уланат image Фото: http://img.112.ua

1 Март, 2016 1222

Кечээ мурдагы Коргоо министри Бактыбек Калыевдин адвокаты келбей калгандыктан отурум жылдырылган. Бул жолу тараптар жарыш сөзгө чыгып, видеоматериалдар көрсөтүлөт. 2010-жылдагы апрель ыңкылабында атылгандардын 100дөн ашууну көз жумган. Элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деген жүйөө менен экс-президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары сыртынан соттолушкан. Мурдагы бийликте айрым жооптуу кызматты аркалап тургандар өздөрүнө коюлган айыптар менен макул болбой, териштирүүлөр дале уланып келе жатат. Бул ирет ишти өлкөнүн аскер соту кароодо.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз