Кылмыш

Улан Токтосунов 14-мартка чейин абакка калтырылды image Фото: http://data.zanoza.kg

1 Март, 2016 367

“Сакал” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Улан Токтосунов 14-мартка чейин абакка калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү учурда Нарындагы абакта кармалууда. Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири Дамир Сапарбеков ду өлтүрдү деген шек менен Токтосуновго былтыр май айында эл аралык издөө жарыяланган. Ал 19-декабрда милицияга өзү келип колго түшүп берген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз