Дүйнө жаңылыктары

Башар Асаддын бийлиги күч менен кулатылабы? image Фото: world.fedpress.ru

1 Март, 2016 643

Сирия Эр-Рияддын альтернативдүү планын тынчтыкты жөнгө салуу макулдашуусун бузууга жасаган аракет катары баалады. Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Адель аль-Джубейри ок атышууларды токтотуу макулдашуусу Дамаск жана анын өнөктөштөрү  тарабынан аткарылбаса кошумча план бар экенин, ага ылайык Башар Асад өз эрки менен бийликтен кетээрин же анын режими күч менен кулатылаарын билдирген. Орусия менен АКШнын аралашуусу аркылуу 27-февралдан тарта каршылашууларды токтотуу макулдашуусу кабыл алынган. Бирок, андан бери ок атуулар дале уланып жатканы кабарланып, бирок, келишимди кимдер бузганы тууралуу так маалыматтар жок.    

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз