Коргонуу жана коопсуздук

ӨКМ: сууга чөккөндөр көбөйүүдө image

7 Июль, 2017 16517

Бүгүнкү күндө республиканын ар кайсы аймактарында сууга чөккөн беш адамдын дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Алар Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен эркек жаран жана Аксыда 33 жаштагы жергиликтүү тургун 4-июлдан бери, Чаткалда "Канцлер Аурум" алтын казуу компаниясынын кызматкери 3-июлдан бери, Ноокенде 8 жаштагы бала 30-июндан жана Алайда сууга чөккөн 58 жаштагы малчы эки күндөн бери белгисиз болууда.

Ошондой эле, ӨКМ Бишкектин Чоң Чүй каналынан 60 жаштагы эркектин, Ысык-Атада каналдан 15 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгышканын, ал эми Ысык-Көлдө 7 жаштагы бала көлгө түшүп жатып чөгүп кеткени маалым болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз