Дүйнө жаңылыктары

Путин менен Трамптын жолугушуусу дүйнө элинин көңүлүн бурду image Фото: www

11 Июль, 2017 11974

Гамбургда өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде дүйнө элинин назарын жыйындын жүрүшү эмес, Путин менен Трамптын жолугушуусу өзүнө бурду. Бул жолугушуу АКШнын президенти шайлангандан бери күтүлүп, түрдүү божомолдор менен коштолуп келген. 

Эки чоң өлкөнүн башчылары алгачкы жолу көздөшүүсүндө, эки сааттан ашуун сүйлөштү. Ал эми аларга шарт түзгөн саммитте ири 20 өлкөнүн лидерлери глобалдык финансы рыногун жөндөө, терроризм менен биргеликте күрөшү, климаттын өзгөрүшүнө жана эпидемияларга каршы туруу боюнча маселелерди ортого салды. 

Бирок ошол эле учурда Гамбургда "Чоң жыйырманын" саммитине каршы акциялар, башаламандык менен коштолуп турду. Өткөн аптада болгон жолугушууларга жана саммиттин жыйынтыгына жергиликтүү талдоочулар да өз баасын берүүдө. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз