Илим жана билим

Баардык авариялык абалдагы мектептер оңдоп түзөөдөн өтөт image Фото: www

13 Июль, 2017 6533

Жыл аягына чейин Кыргызстанда авариялык абалдагы бир да мектеп калбайт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо аземинде айтты. 

Аймактардагы авариялык абалдагы мектептерди кайра курууга республикалык бюджеттен акча бөлүндү. 

Жалпы жонунан авариялык абалдагы 111 мектеп куруулары күтүлүүдө. 

Алгач өтө кооптуу делген 22 мектеп салынып бүткөн соң, калган  билим уясында курулуштар жүрөт. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз