ММК

"Азия Ньюс": Рысалиев көчөдөн эле Бабановду муунтуп салууга бел байлады image Фото: www

13 Июль, 2017 1092

Басма сөзгө баяндама

Биз барактачу айрым гезиттер күзгө чейин эс ала турганын бүгүн гезит базарынан айтышты. Колубузда "Азия Ньюс" бар, эмнелерди жазды карайлы. Гезит бүгүн Кымча бел, бакыраң көзгө суктанасыңбы? деген тема менен жарык көрдү.  Алгачкы бети шайлоого карата жазылган саптар менен толукталды, тактап айтканда белгилүү, белгисиз атуулдардын шайлоодогу тандоосу туурасында жазылган. Бул саптар мисалы,  Бабановду жогору баалаган Шестаков, генерал Зарылбек Рысалиев көчөдөн эле Өмүрбек Бабановду муунтуп салууга бел байлады, Эл уулу Элмурза Сатыбалдиев мамлекеттин бүтүндүгүн, эртеңки келечегин тандады, же башка досторуна окшоп ойнобой эле реалдуу эл колдогон талапкерди колдоого бей байлады. 

Ал Сооронбай Жээнбеков деген аталышта орун алган. Ушундай эле мааниде убагында депутат, министр болгон Айбек Азыранкулов ушул күндөрү саясаттан четтеп, бирок баштагы позициясынан тайбай, кызматы жок болсо деле Алмазбек  Атамбаевди аягына чейин колдой берүү боюнча оюн билдирди. КСДПчыларды ынтымакка чакырууда деген саптар да бар. Бул жазылгандардын этегинде Ахматбек Келдибеков аңгиликке алдырып, кыздарды ыйлата береби деп кара тамгалар менен жазган маалыматты кошту. Шайлоонун тандоосу дагы бир эки  макалага орун берген. Ал Сооронбай Жээнбековдун атаандаштары эмитен эле “жыдый”  башташтыбы? Экинчиси "Мен эмне үчүн Сариевди колдойм" деп аталды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз