ММК

"Фабула": аймактарда Жээнбековдун талапкерлиги колдоо табууда image Фото: www

14 Июль, 2017 1501

Басма сөзгө баяндама

Бизнестин бейишинде, же "Апта ичиндеги алакалар" деп тема койгон "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Гезит жума ичинде  экономикага салым кошчу бир топ келишимдерге кол коюлганын эске салды. Президент Атамбаевдин катышуусунда болгон кыргыз өкмөтү менен чехия компаниясынынын Жогорку Нарын ГЭСтер жана чакан ГЭСтерди куруу жана эксплуатацияга киргизүү боюнча макулдашуусу, Кытай өкмөтү 1 млрд инвестиция жумшап, 30 миң жаңы жумушчу ордун түзгөн ири “Искра Азия” агроөнөр жай долбоору, Араб координациялык тобу 357 млн долларлык долбоорду каржылай турганы, бир катар трансулуттук ири компаниялардын өкүлдөрүнүн өлкө башчысы менен жолугушканы туурасындагы маалыматтар бүгүнкү чыгарылыштын башкы темасы болду. 

Мына ушул жакышылыктын шарапатын инвестиция ишенимден башталат деген темада улантып окуп аласыз.  Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка жаңылыктар “Эмгеги менен эл алкышына татыгандар” деп аталып, социалдык, экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө  кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземинен жазылган макала орун алды. Гезит бүгүн өкмөттөгү жаңылыктарды тизип, анын ичинде биз жогоруда белгилеген араб координациялык тобунун каржылоосу менен буюрса Корумду –Каракол жолу да оңдолуп калышы туурасында маалымдады. 

"Фабула" бүгүн  "Аймактардагы калың эл Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоого алууда" деп, аны негиздеген  бир канча жарандардын  “бизге таза, иш билги жетекчи керек” деген ой пикирлерине орун берген. Таанышып алсаңыз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз