Коом

Газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт image Фото: www

14 Июль, 2017 1060

Мындан ары газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөө күчөтүлөт. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерге тапшырды. 

Соңку кезде газ станциялары көбөйгөнүн белгилеген премьер, газ баллон жабдыктарын колдонуудагы жоопкерчиликсиз мамиле жана коопсуздук техникасын бузуу адам курмандыктарына алып келгенин эскертти. 

Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 116 унаа газ станциялары иштейт. Ал эми  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы газ станцияларында газды өткөрүп жатканда басымдын чегин көбөйтүүгө жол бербеген иштиктүү система жоктугун билдирүүдө.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз