Эмне үчүн ЖК Сариевди өкмөт башчы катары баалаган эмес? image Фото: gov.kg

21 Июль, 2017 26694

Президенттикке талапкерлердин саны бүгүнкү күндө, 30дан ашып кетти. Арасында элдин эсинде калган түрдүү талапкерлер жок эмес. Президенттике талапкерлердин саны 10 эсеге көбөйдү. Арасында көбүнө кызык болгон талапкерлер бар. Бүгүнкү күндө соттолгондордун талапкер болуусу маселе деле болбой калды. Негизгиси, БШКга арыз жазып койсоң болду. Андай талапкерлерден үчөө. 

Көпчүлүк серепчилер президент болгусу келген саясатчыларды категорияларга бөлүшүүдө. Кээ бирин оор басырыктууларга, кээ бирин белгисиздерге бөлсө, кээ бирин жаңыларга кошот. Эгерде БШКга арыз таштагандардын арасынан оор басырыктуу саясатчыларды карасак,  анда экс-премьер министр Темир Сариевди алып карасак болот. Көпчүлүк адамдар аны "Ак шумкар" партиясынын лидери катары эмес, өкмөт башчы болуп жүргөндөгүсү  менен эстеп калды. Ачык айтканда мурдагы премьер  өзүн өзү пиар кылганды жакшы көрүп, ЖМКлардын көңүл чордонунда болгон. Дагы бир учур Сариев дем алыш күндөрү  дагы обьектилерди күтүүсүз текшерип кыдырганды жакшы көрчү. Ошондой эле министрлер кабинетинде жыйындар эскертүүлөрсүз өтчү  эмес. Ошого карабастан анын жумушка болгон активдүүлүгү  парламенттеги депутаттар тарабынан бааланган эмес. Аягында ал өзүнүн кызмат ордун Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык чыр үчүн таштоого аргасыз болгон.

Илгиз Жумалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз