ММК

"Фабула": Төрөбаев менен Бабанов биригеби? image Фото: www

25 Июль, 2017 1787

Басма сөзгө баяндама

"Айтылбай турган сөз эле, же Икрамды канча казсаңар да эч нерсе таппайсыңар" деген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйында суроого жооп берген сөзү бүгүн жарык көргөн "Фабуланын" башкы темасы болду. Теманын уландысын "Ажо эмне дейт"! деген аталышта гезиттин төртүнчү бетинен улантып окуй аласыз. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык- Көл жээгинде соңку үч жылдан берки жайкы маалымат  жыйынын өткөрүп келет. Жайкы брифингдди мамлекет башчы катары  акыркы жолу өткөрүп жатканын, 1-декабрга чейин жаңы президент шайланышы мүмкүндүгүн айтканын жазып, "Фабула" журналисттердин суроолоруна жооп берген маанилүү жерлерин окурмандарга сунуштады.

Мында айтылган Икрам туурасында, Бабанов боюнча, Чыныбай Турсунбеков тууралуу, Сооронбай Жээнбеков боюнча, бийликти өткөрүп берүү туурасында, Чубак ажы тууралуу, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү туурасында, Эркин Мамбеталиев боюнча, Максим Бакиевге байланыштуу, Россиянын базасы тууралуу, ГЭС туурасындагы берилген суроолорго жооптору басылды. Карап өтүңүз. Майда маалыматтарды кураган алдыңкы бетинен "Акмат  Камчыга ат кошчу болот", Жапаров менен Чудиновду унутпагыла, боюнда бар аялды келеке кылган Турганбаев же Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери жетекчисинин иштен кетишин талдап кылган маалымат, Жантөрө жанданды, Балыкчы –Корумду жолуна дагы 4 млрд сом керек Исаевдин соту ишке өттү, Төрөбаев менен Бабанов биригеби? деген аталышта таанышып алыңыз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз