Илим жана билим

Агартуу тармагы үчүн инклюзивдик билим берүү ыкмасы маанилүү image Фото: http://sempark.ru

2 Март, 2016 1893

Анткени балдарды физикалык жана психологиялык жактан бөлбөй, бирдей билим алуусуна шарт түзүп берүү кажет. Себеби ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектепте окубай, коомдон бөлүнүп калган учурлар арбын. Бул тажрыйба дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулат. Ал агартуучулукту ар тараптан өнүктүрүүгө өз таасирин берип келет.

Инклюзивдик билим берүү бул - бардык адамдардын билим алуусуна  шарт түзүп жана агартуучулукту ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган. Алсак, балдардын түрдүү  муктаждыгын чечүү жана  билим алуунун жеткиликтүү кылууну көздөйт. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көңүл сыртында калтырбоо эске алынат. Мындай тажрыйбаны пилоттук негизде Чүй облусунун Москва районунун 1-Май мектеби дагы ишке ашырган. Аталган мектептин  директору  Дамира Кадыралиеванын айтымында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында ден соолугу чың окуучулардан  калышпай ийгилик жараткадары бар. 

Ата-энелер мүмкүнчүлүгү чектелегендер же  ден соолугунан аксаган балдарын мектепке алууну суранып келишет. Анан албетте  мындай учурлар менен иш алып баруу кыйын. Ата-энелер менен баардык маселелерди  кеңешип, сүйлөшүп алабыз.  Анан сөзсүз  балдардын ийгилик жаратуусу үчүн ата-энелер тыгыз иштеши керек. Жыйынтыктар бар  мисалга бизде окуган   мүмкүнчүлүгү  чектелеген  окучуларыбыз Жалпы  республикалык тесте ийгилик жаратып ден соолугу чың балдардан калышпаган  окуучулар бар.

Билим алууга жол ачып, ден соолугу чың окуучу менен мүмкүнчүлүгү чектелген окуучунун бирдей билим алуусуна шарт түзүүгөн багытталган мындай тажрыйба дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулат. Ал эми Кыргызстанда болсо азырынча саналуу мектептерде гана пилоттук негизде ишке ашууда. Келечекте ар бир мектепте атайын бөлмөлөр ачылып, тиешелүү адистерди жумушка алуу зарылчылыгы бар. Андан сырткары ылайыкташтырылган жабдыктар дагы талап кылынат. Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Салтанат Мамбетова инклюзивдик билим берүү жаатында акырындык менен иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтат.

Чоң аракеттер көрүлбөсө дагы, акырындык менен ишке  ашууда. Мисалга атайын мүмкүнчүлүгү  чектелегендер үчүн жабдыктары менен бөлмөлөр Бишкекте жана Нарында  ачылды. Азыркы учурда ал жерлерде билим алышууда. Мурдагы жылдарга  салыштырмалуу ата-энелер ден-соолугунан аксаган   баласы жалпы билим берүү мекемелерине  жиберүүдө жана акырындык менен шарттар жакшырып келе жатат. 

Инклюзивдик билим берүү ошондой эле, жарандарды социалдык катмарларга бөлбөй, алардын бирдей билим алуу укугун көздөйт. Буга байланыштуу адистер ден соолугунан аксаган же мүмкүнчүлүгү чектелегендердерге  коомчулук менен бирге шарт түзүп берүү зарылчылыгын белгилеп келишет. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз