Экономика

УБ: 65 килограммга жакын алтын куймаларын сатты image Фото: www.vb.kg

2 Март, 2016 808

Улуттук банк 2015-жылдын май айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин  жалпы көлөмү 65 килограммга жакын алтын куймаларын сатты.  Долларга альтернатива катары каралып жаткан бул долбоор 2016- жылы кеңейтилет. Борбордук банктын  аймактагы  филиалдары алтын куймаларын сактоо үчүн жабдылып, адистер  окутулууда. Андан тышкары 2 коммерциялык банк алтын куймаларын сатууга лицензия алды.

Кошумчалай кетсек, адистер  эл аралык камдын көлөмү жыл ичи толукталып же кемип турарын айтып,  аны жыл соңунда жана башында салыштыруу туура болорун белгилешет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз