ММК

"Азия Ньюс": Жээнбеков үчүн реалдуу атаандаш бул Бабанов image Фото: www

27 Июль, 2017 1655

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" өлкө президентинин маалымат жыйында журналисттерге жооп берген сөзү менен жарык көрдү. Аны “КСДПнын талапкери болбогондо, Бабановду колдойт элем” деп атады.  Теманы маалымат жыйынга катышып келген саясат таануучу Марс Сариевдин маеги менен улады. Анда эксперт президенттин бул айткандарын  - Президент “КСДПдан эгер Жээнбеков көрсөтүлбөгөндө, мен Бабановду колдомокмун деген сөзү, гезит белгилеген “мен КСДПнын талапкерин садага чабууга даярмын” дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Жээнбеков үчүн эң реалдуу атаандаш-бул Бабанов. 

Ал болочок президент өзүнүн соратниктеринен болушун каалайт деп чечмелеген. Эксперттин маалымат жыйында айтылгандар боюнча билдирген пикирин “Эмоцияналдуу сөздөрү карапайым элге жагып атканын президент билет” деген аталышта улантып окуй аласыз. Гезит бул сандан Премьер Сооронбай Жээнбеков –саясаттагы таза инсан экени тууралуу, Алтынбек Сулайманов”модник” болуп кетиптир дегенди, "Чыке сууга түшкөн чычкандай болуп, ажого жолуга албай бушайман болууда" дегенди окуурубузду алдыңкы бетинде эле  жарыялады. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз