Ден соолук

Тамак-аш коопсуздугу көзөмөлдөнөт image Фото: www

2 Авг, 2017 9798

Саналуу күндөрдөн кийин 18 техрегламенттин ичинен сегизи тамак-аш коопсуздугун жөнгө салып, сапат менеджмент ХАССП иштейт. Бул тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Кыргызстанда болсо, бул эреже 2014-жылдан бери иштеп келет. 

Азыркы күндө Евразиялык экономикалык биримдиктин шартында  сүт азыктарын, дегеле азык-түлүк өндүргөн ишканага HACCP сертификаттары сөзсүз керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда ХАССП-бул өндүрүлгөн продукциянын коопсуздугу болуп эсептелет. Ал жакта таза азыкка болгон бардык талаптар бар. Мисалы, генндик модифицикациялык азык жок деп көрсөтүлөт. Өндүрүштөгү талаптар, жашылчаларды базардан сатып алып, жууп туруп, сатыкка коюлган жокпу деген сыяктуу бардык көрүнүштөрдүн алдын алат. 

Биримдиктеги өлкөлөрдө айыл-чарба, курулуш тармагындагы продукцияларга сертификат талап кылынбайт. Жер-жемиш, эт, тамак аш продукцияларына сертификат суралат. Мындан улам өкмөт 2017-жылы эрежеге ылайык документ талап кылынуучу бардык азык түлүк үчүн лабораторияларды куруу иштерин колго алып, иш уланууда.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз