ММК

Түркияга туристтердин келбей калышы, экономикасына терс таасирин тийгизүүдө image

2 Авг, 2017 1356

Түркияга чөнтөгү калың туристтердин келбей калышы, өлкөнүн экономикасына олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Маселен 2015 - жылы өлкө казынасына туризмден 31,4 миллиард доллар киреше түшсө, былтыр эс алуучулардын эсебинен Түркия болгону 22 миллиард долларды гана каражат тапкан.

“Бай туристтер Түрк базарын чанып кетүүдө“ – деп жазат Түркиянын Milliyet  басылмасы. Макаланын автору, журналист Гюнгёр Урас Түркияга келген чет өлкөлүк коноктордун саны өсүшү зарылдыгын белгилеген.  Ошол эле убакта Түркияга чет мамлекеттен  келген туристтердин санына жараша, капчыгы да калың болгону абдан маанилүү. Туризмдин өбөлгөсүн туристтин жолдомосу жана анын чыгымы түзөт. Анткени чет өлкөлүк коноктор  кийим,белек-бечкек, килем жана башка товарларды сатып алат.

Мисалы айта кетсек  Стамбул үчүн туристтердин дүкөндөрдү кыдыруу менен бул жерден ар түрдүү товарларды сатып алганы абдан маанилүү.

Азыркы күндө Стамбулдун  Капалычарши, Мысыр Чаршисы, Нишанташи жана ушуга окшогон айрым соода борборлорунан чет мамлекеттен келген туристтер  товарларды аз көлөмдө сатып алганы бушайман кылууда-деп автор баса белгилеген.

Маселен 2015 -жылы өлкөнүн казынасына  туризм тармагынан  31,4 миллиард доллар түшкөн. Ал эми 2016-жылы мамлекеттин  кирешеси жогоруда айтылган тармактан кыйла айырмаланып, болгону 22,1 миллиард долларды гана түзгөн. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Бакыт Тапаев болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз