Mass media

Максат ажы Токтомушев: мен Сооронбай Шариповичтин үгүттөөчүсү эмесмин image Фото: www

3 Авг, 2017 1307

Басма сөзгө баяндама

"Азия Ньюс" бүгүн Максат ажы Токтомушевди сүйлөткөн “Мен Сооронбай Шариповичтин үгүттөөчүсү эмесмин” деген теманын алдында жарык көрдү. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийинин бул сөзү гезиттин 10- бетинде “Балчелектерим, мал чарбачылыгым жана соода тармагы менен алектенип, бош убактымды текке кетирбейм” деген аталышта орун алган темада уланды. Бул маекте ажы Максат Токтомушев айрым бир инсандардын чындыкка туура келбеген сөздөрүнө маани берип, “муфтий Сооронбай Шариповичтин  талапкерлигин колдоо боюнча диний чөйрөдөгү инсандарды үгүттөөгө чакырып жатат” деген жалган сөз экендигин ачык айтайын деп белгилейт. Алдыдагы президенттик шайлоонун адилеттүү, ынтымактуу, тынч өтүүсүнө тилектешпиз деген деген муфтий имамдарды акчага сатылбай, динин, намысын сатпастан өзүнүн ыктыяры менен шайлоого барууга чакырык таштайт. Ар бир адамдын акыл-эси өзүндө, ал билимин, динин карап, ыйманын , тажрыйбасын жана патриоттугун карап туруп, каалаган талапкерин тандап добуш берет. Өлкөбүздүн тынчтыгы баардыгынан маанилүү нерсе экендигин эсибизден чыгарбайлы деп белгилеген бул маегинде. Диний кырдаалдагы маалыматы менен да бөлүшкөн. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз