Mass media

"Фабула": өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2 млрд 272 млн 3 миң долларды чапчыды image Фото: www

4 Авг, 2017 1218

Басма сөзгө баяндама

Экономикалык секирик же 2017-жылдын январь-июнь айларындагы өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2 миллиаррд 272 миллион 3 миң долларды чапчыды деген позитивдүү маанайда жаңы барагын ачкан Фабуладан баштайлы.  Бул тема гезиттин үчүнчү бетинде эксперттердин элегинен өткөн биринчи жарым жылдыктагы экономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеген макалада сөз болот. Мисалы экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов экспорттук товарлардын өнүгүп жатканын 2 нерсеге байланыштырат. 

Биринчиден, Евразиялык союз боюнча лабороториялардын  бардыгын былтыр өкмөт куруп, ишке киргизип башталганы, сүт, эт, жер-жемиш,азык- түлүктөрү өтүп жатканы, улуттук 61 түрлүү продукция боюнча ЕврАзсЭстин лицензиясы менен алар бизге эч кандай бажы төлөмдөрү жок түз каттам менен киргенге мүмкүнчүлүк беришти деп, муну менен бизге экспорт үчүн толук шарттар курулуп жатканын, ушундай темп менен кете берсек, келечекте акырындык менен бизге соода балансыбызда экспорттун көлөмү менен импортту кууп жетээрибизди дагы бир топ фактылар менен айтып берет. Буга чейин чарбаны, экономиканы жакшы билгендиктен азыркы өкмөт башчы конкреттүү ар бир регион менен иштеп жатканы дагы экономиканын көтөрүлүшүнө чоң түртү бергенин өзгөчө белгилеген. Жана башка экономика жаатындагы адистер ишкерлер өз пикирин да билдиришип, мурун Казакстанды эле карап отурсак азыркы шартыбызда Россиянын базары ачылып, жакшы болуп калганын, өлкөбүздөгү экспорттун көлөмү 30 пайызга көбөйүшү реалдуу экенин бир топ мисалдар менен белгилешкен.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз