Mass media

"Фабула": Москвага барганда Маевскийдин унаасын пайдалангам-дейт Текебаев image Фото: www

8 Авг, 2017 1527

Басма сөзгө баяндама

"Томаяк" деген "Фабула" бүгүн “Үй жайы жок министр” деп азил- чыны аралаш каржы министринин сүрөтүн коюп жаңы санын ачты. Бул тема биздин чиновниктердин декларация толтура келгенде эле куйругунда калбыры барлар итке минген байкуш болуп, эч нерсеси жок кедей болуп чыга келишет деген багытта жазылып ага каржы министри Адылбек Касымалиевди мисал кылган. 

Майда маалыматтар менен толтурган биринчи бетинен “Кочкордо тартылган сүрөт чагым”, “Москвага барганда Маевскийдин унаасын пайдалангам”деп айтты Текебаев, саунада эс алган Конгантиев, Исаев бириктиреби же иритеби? Туйгунааалы туура жолдо, ажылык сапар башталды, Стамбулда Манастын айкели коюлду, Саясий күчтөр Жээнбековго каршы биригүүдө, Кримтөбөл “Женго” акталды деген аталышта окуй аласыздар. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз