Экономика

Ипотекалык насыялар мекеме аралык комиссия тизмелерди аныктагандан соң берилет image

2 Март, 2016 472

Жарандарды арзан турак-жайлар менен камсыз кылууга багытталган ипотекалык насыялар мекеме аралык комиссия тизмелерди аныктагандан кийин берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришүүдө. Маалыматка ылайык,   компания тарабынан ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу багытында 310 млн сом каражат бөлүнөт. Ал эми калган каражат баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун эскебинен каржыланмакчы.

Азыркы тапта Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу багытында 310 млн сом каражат бөлүнөрү пландалууда. Андан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бул тармакка 10 млн доллар каражат салат. Ошондой эле, Соцфонддун пенсиялык топтоо фондунун каражатын тартууга да мүмкүнчүлүктөр бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз