Саясат

Саясий партиялардын каржылык иштерин көзөмөлгө алуу сунушталууда image

2 Март, 2016 657

Кыргызстандагы саясий партиялардын каржылык иштерин көзөмөлгө алуу сунушталууда. Бул үчүн саясий партиялар жөнүндө мыйзамга   өзгөртүүлөрдү киргизилет.   Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын финансылык ишмердүүлүгү, келип түшкөн жана   чыгымдалган  каражаттары  көзөмөлдүккө  алынмакчы.

Эске  салсак,   Кыргызстанда   расмий түрдө каттоодон өткөн  199 партия бар.  Азыркы мыйзамдын негизинде, 10 киши менен партия түзүү мүмкүн. Ал эми башка мамлекеттерде, мисалы Орусияда бир саясий партияны түзүүгө 500дөн кем эмес адам болушу керек. Андыктан аталган өлкөдө 77 партия катталган.   Юстиция министрлиги сунуштаган мыйзамда партия түзүүдөгү кишинин санын 10дон 120га жеткирүү  каралууда. Ал  эми “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз