Mass media

Мискенбаев: Текебаев мени текшергенди коюп, өзүнүн жасаган иштерине жооп берсин image Фото: www

11 Авг, 2017 5554

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Де-Факто" "Кыргызстан 6 жылда эмнелерге жетишти"?-деген суроону алдыңкы бетине койду. Бул тема гезиттин 12-13-беттеринде  өткөндүн изи менен келечекке деп, "Атамбаевден кыргыз журтуна кандай мурас калат"?-деген аталышта уланды. Ошентип Баш мыйзамда белгиленгендей президент Алмазбек Атамбаевдин да мөөнөтү өтүп баратат. Артта калып бараткан алты жыл тарых үчүн көз ирмемдей болгону менен ошол эле учурда доор кечкен, кылым арытып кыргыз атын өчүрбөй келаткан ак калпак журтубуз үчүн мааниси бар.  Анткени эгемендик жылдарындагы ар кандай баталиялардан чарчаган Кыргызстан ушул алты жыл аралыгында аяк-башын жыйып, этек-жеңин күбүнүп, алдыга карай ишенимдүү кадам шилтей алды. Мында Атамбаевдин эмгеги, бардык багыттардагы чечкиндүү аракети, туура саясаты өз жемишин бербей койгон жок деп белгилеген "Де-факто" буга бир топ фактыларды келтирди. 

Ал көздөн учкан көгүлтүр оту ар бир үйдө болору, жолдордун курулушу Баткен облусуна тоскоолдуктарды жок кылганы, Кыргызстандын эмгек мигрантарынын укугу узарганы, кыргызстандыктар эми кедей эмес экени, өлкөбүз күнүмдүк максаттар менен жашабай калганы, таза шайлоодо ким президент болорун эл өзү аныктаарын, өлкөбүздүн коргонуу жөндөмү өсүп жатканы, улуттук рухубуз чыңалып жатканы, эркин өлкөдө дин эркиндиги бар, бирок экстремизмге, радикалдашууга жол жок экени, Кыргызстан эл аралык аренада өз ордун ээлей алганы, Кыргызстанда эми митингдер менен төңкөрүштөрдүн коркунучу жок экени жазылат. Бир катар сандар жана аргументтер менен жазылган бул макаладан "Кыргыз журтуна азыркы президенттен калган мурастар кайсылар" экенин толук маалымат аласыз. Андан ары Мээрбек Мискенбаев кайрадан “модада” деген "Де-Фактодон" экс депутат Мээрбек Мискенбаевдин “Текебаев мени текшергенди коюп, өзүнүн жасаган иштерине жооп берсин” деген аталыштагы маегине күбө болосуз. Ал маегинде Мегакомго сынак менен өткөнүн, Мискенбаев бай деп ойлошот экен. Депутат болгондо депутаттык машинадан, үйдөн да баш тартканын, азыр болсо батирлеп жүргөнүн, Текебаев мегакомдон Мискенбаев 150 миң сом айлык алат экен дейт, Мен Текебаевдей болуп Мегакомдон 1 миллион доллар алган жокмун, морадерчулук жасабадым дегендерин окуй аласыздар. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз